Кыйноолорду алдын алуу борбору: "Мелис Аспеков боюнча фактылар тийиштүү органдарга өткөрүп берилет"
12-май күнү социалдык тармактарга пара алууга шектелип кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында кармалган Мелис Аспеков УКМКда психологиялык жана физикалык жактан зомбулукка дуушар болуп жатканын жазып чыккан эле. Мындан тышкары, алар Аспековдон Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө ала албай жатканын айткан.
Кечээ, 13-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков менен байланышкан. Жетекчи буга чейин Мелис Аспековго жолукканын айтып, толук маалыматты жумуш күнү берерин убадалаган. Ал эми бүгүн, 14-майда аталган борбордун жетекчиси Аспековдун адвокаты менен жолуга турганын билдирди.
"Бүгүн адвокаты Назира Абышкаева биздин борборго келет, Аспеков тууралуу сүйлөшөбүз. Балким анын да бизге айтчу сөздөрү бардыр. Биз убактылуу кармоочу жайларга бат-баттан барып турабыз. УКМКнын тергөө абагына өткөн жумада барганбыз. Мелис Аспековго байланышкан фактыны тийиштүү органдарга жиберебиз. Биздин милдет ошол, фактыны чогултуп, органдарга өткөрүп берүү", - деди ал.