SerepTV Logo

“Куугунтук менен зомбулук азайган жок”. Эл аралык «Human Rights Watch» уюму Жапаровго кат жөнөттү

“Куугунтук менен зомбулук азайган жок”. Эл аралык «Human Rights Watch» уюму Жапаровго кат жөнөттү
Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаровго эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюмунун Европа жана Борбордук-Азия чөлкөмдөрүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон узун кат жөнөттү. Анда ал Жапаровго адилеттүү, өз жарандарын укугун коргогон президент болууга чакырган. Ошондой эле аталган укук коргоо уюм Садыр Жапаровдун буга чейинки катачылыктарын айтып, мисал катары; Жапаров талапкер болуп жүргөндө мамлекеттик каналдардан ал колдогон президенттик башкарууга өтүү жөнүндөгү маалыматтык манипуляция жүргөнүн маалымдаган. Аны менен катар катта Садыр Жапаров мындан аркы ишмердүүлүгүндө сөз экиндигин камсыздап, жарандарга толук кандуу маалыматтарды берип, ошол эле учурда  аялдарга, жаш балдарга карата зордук зомбулуктарды алдын алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көбүрөк көңүл бөлүү жана жалпы жарандарыдын укуктарын өлкөнүн мыйзам талаасында коргоо боюнча кеңештерин берип, аталган иштерди аткарууга Жапаров мамлекет башчы катары милдеттүү экени баса белгиленген. Ошондой эле уюм өз кайрылуусунда 2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы маркум Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырган. Анда Азимжан Аскаров ошол убакта бейкүнөө камалып, укук коргоо жаатында Кыргызстандын аброюу дүйнөлүк аренада кескин түшүп кеткенин да айткан. Белгилей кетсек, "Human Rights Watch" бул - эл аралык, адам укуктарын коргоочу 90дон ашык  өлкөлөрдө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн белгилүү бейөкмөт уюм.
Unknown Author