SerepTV Logo

Курулуш министрлиги мектептерди экиден көп кабат курууга уруксат берди

Курулуш министрлиги мектептерди экиден көп кабат курууга уруксат берди
Кыргызстандын Курулуш министрлиги мектептерди эки эле эмес андан көп кабат салса болот деген жаңы стандарт кабыл алды. Бул тууралуу 5-сентябрда агартуу министри Догдургүл Кендирбаева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Министр жер тартыш аймактарда, айрыкча Бишкек шаарында Жапониядагыдай 5 кабатка чейин коопсуз жана заманбап мектептер курулса класстардагы окуучулардын саны азаярын белгилеген.
edita