Өлкөдө курулуш материалдары кымбаттады
Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы 18 калктуу конушка иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында 2020-жылдын апрель айына салыштырмалуу курулуш каражаттары бир топ кыбаттаганы аныкталды.
Цементтин чекене баасы 50 килограммына орто эсеп менен 306 сомго сатылып, өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга өскөн. Кирпичтин миң даанасы быйыл 7 миң 262 сом болуп, бир жылда 14 пайызга кымбаттады.
Ошондой эле Жумгал районунда бир мүшөк цемент 374 сомго сатылып, өлкөдөгү бул товар эң кымбат бааланган аймак болуп калды. Бишкекте бир кап цемент 297 сомго чыкты. Токмок шаарында миң даана кирпич 13 миң 228 сом болуп, эң кымбат сатылган шаар катары эсептелүүдө. Ал эми Кербен жана Кара-Суу шаарларында кирпич минималдуу баада сатылууда.