SerepTV Logo

Кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү эки эсеге азайды

Кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү эки эсеге азайды
Ушул жылдын 23-августуна карата дан эгиндери 380 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 пайызга көп. 536 миң тонна дан орулуп алынды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,8 пайызга аз. Бул тууралуу Статистикалык комитеттен билдиришти. Жалпысынан республика боюнча дан эгиндери чабыла турган аянттын 66 пайызга жакын аянтынан жыйналып алынган. Анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында - 2,3%, Ысык- Көл - 34% жана Талас облусунун чарбаларында - 59% аянт жыйналып алынган. "Жай мезгилинде аномалдуу жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө алып келди. Мында жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы - 45,5 пайыз, арпаныкы - 55,2 пайыз, картошканыкы- 10,1 пайыз, бакча өсүмдүктөрүнүн - 6,7 пайыз, мөмө -жемиштердин - 6,5 пайыз жана жашылчанын дүң жыйымы - 2,4 пайыз кыскарды", - деп айтылат маалыматта.