Кургак учук жуктуруп алган аскерлердин саны 24кө жетти
Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында кургак учук менен ооругандардын саны 24 адамга жетти. Бул туурасында 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.
Такталгандай, 21 жоокер Бишкектеги кургак учукка каршы ооруканада, калган үчөө Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланууда. Аталган медициналык жайлар бул маалыматты тастыкташты.
Февраль айында Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасынын 7 жоокери кургак учукка кабылганы кабарланган. Кийин алардын саны өскөн. Бул факты боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.