SerepTV Logo

Кургак учук жугузуп алган аскерлердин саны 33кө жетти

Кургак учук жугузуп алган аскерлердин саны 33кө жетти
Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында кургак учук менен ооругандардын саны 33 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, ооруга чалдыккандардын ичинен 4 аскер ооруканадан чыгарылган. Алар Аскердик госпиталда дарылануусун улантышат.

“Кургак учук эки айдын ичинде жок болуп кетпейт. Дарылоо курсу жалпысынан алты-сегиз айды түзөт. Бардыгы калыбына келтирүү динамикасына байланыштуу. Жакынкы аралыкта дагы эки бейтапты чыгарууну көздөп жатабыз",- дешти алар.

Февраль айында Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасынын 7 жоокери кургак учукка кабылганы кабарланган. Кийин алардын саны өскөн. Бул факты боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.