SerepTV Logo

Курч респиратордук инфекцияга байланыштуу Чүй облусунда карантиндик чаралар киргизилди

Курч респиратордук инфекцияга байланыштуу Чүй облусунда карантиндик чаралар киргизилди

Чүй облусунда сасык тумоо боюнча эпидемиялык кырдаалдын кескин начарлашына байланыштуу 19-октябрдан тарта коомдук жайларда, уюмдарда жана мекемелерде карантиндик чектөө чаралары киргизилип, массалык оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө максималдуу чектөө киргизилген.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаевдин айтымында, Чүй облусунда бир жуманын ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 1164 учуру катталган, оорулуулардын негизги жашы 14 жашка чейинки балдар.