SerepTV Logo

Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды

Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал суракка бүгүн, 18-майда саат 16:00дө барышы керек. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Жолдубаева октябрь айындагы окуяларга байланыштуу күбө катары чакыртылган.