"Кумтөрдүн" кызматкерлерине айлык акы төлөп берүү убадаланды
"Кумтөрдөгү" өндүрүшкө керектүү запастар эки-үч айга жетет. Бул тууралуу маалымат жыйынында компаниянын убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.
Анын айтымында, жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Өндүрүшкө керектүү запастар эки-үч айга жетет. Азыр биз жеткирүүчүлөр менен келишимдерди узартуу үчүн кат жазып жатабыз», - деди Тенгиз Бөлтүрүк.
Компаниянын убактылуу сырттан башкаруучусу кызматкерлердин айлыгы төлөнө тургандыгын айтты. "Авансты 28-майда, калган айлыкты 15-июнда төлөйбүз", - деди ал.