“Кумтөрдүн” ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны Акылбек Жапаров жетектеши мүмкүн
“Кумтөрдүн” ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны Акылбек Жапаров жетектеши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссиянын төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлиги сунушталган.
Жогорку Кеңеш 17-февралда “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишин текшерүү үчүн комиссия түзгөн эле.
«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын сунушу депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон.
Комиссиянын курамына 12 депутат кирген. Алар: Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева, Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, Осмон Турдуманбетов, Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев.
Эл өкүлдөрү мурунку парламенттик жана өкмөттүк комссиялардын чечимдеринин аткарылышын текшерүүнү ниеттенүүдө.