“Кумтөрдүн” ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга 12 депутат кирди
Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-февралда “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишин текшерүү үчүн комиссия түздү.
"Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын сунушу депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болду.
Комиссиянын курамына 12 депутат кирди. Алар: Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева, Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, Осмон Турдуманбетов, Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев.
Алар жакында комиссиянын иштөө эрежелери менен шарттарын кабыл алышат.
Эл өкүлдөрү мурунку парламенттик жана өкмөттүк комссиялардын чечимдеринин аткарылышын текшерүүнү ниеттенүүдө.