Кумтөр толугу менен өткөрүлсө, анда "Центерра" кандай шарттарды коёт? Тизме
Кечээ, 3-январда канадалык "Centerra Gold Inc." компаниясы расмий маалымат жарыялап, анда Кумтөр кенинин талашын чечүү боюнча Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барып, эки тарап тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканын билдирген эле.
"Centerra Gold Inc." өз кезегинде төмөндөгү шарттар аткарылат деп күтүп жатканын билдирди:
- "Centerra Gold Inc." компаниясынын "Кыргыз алтын" ААКсына тиешелүү болгон канадалык компаниядагы 26,1 пайыздан турган акцияга ээлик кылуусу;
- Кыргызстан аталган өлкөдөгү канадалык компаниянын эки ишканасы жана Кумтөр кени үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алышын;
- 2021-жылы "Кыргыз алтын" ААКсы албай калган үч дивиденддин суммасына тең акчаны төлөп берүү жана башка каржылык маселелердин ордун толтуруу;
- "Centerra Gold Inc." компаниясынын директорлор кеңешинин курамынан "Кыргыз алтын" ААКсынын эки талапкеринин чыгышын;
- тараптардын бардык доо арыздарын толугу менен алуу жана бардык соттук териштирүүлөрдү токтотуу.