Кумшекер менен өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынды
Кумшекер менен өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын эсеби боюнча кумшекердин 56 пайызы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт. Калган 44 пайызы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Орусия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөгү азык-түлүктөргө баалар өскөн.
“Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн премьер-министр Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат”, - деди министр Аскарбек Жаныбеков.
Ошондой эле Жаныбековдун айтымында, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу киргизилди.