Кремль: "Азырынча Путин менен Жапаровдун сүйлөшүүсү планда жок"
Азырынча Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү пландалган эмес. Бул тууралуу «ТАСС» басылмасына Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ага Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүсүнөн кийин жакын арада Садыр Жапаров менен дагы жолугушуу болобу деген суроо узатылган. «Азырынча графикте жок», - деп жооп берди Песков.
Тажикстандын президенти 8-майда Москвага барып, Владимир Путин менен жолуккан. Кечээ, 9-майда ал Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган парадга катышкан. Буга чейин Песков тажик президентинин иш сапары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга чейин эле пландалганын билдирген.