SerepTV Logo

"Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур". Чуу жараткан комментарий боюнча президенттин пресс-катчысы эмне дейт?

"Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур". Чуу жараткан комментарий боюнча президенттин пресс-катчысы эмне дейт?
Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алган. Жыйынга катышкан депутаттар бул боюнча өз ойлорун айтып жатышты. Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин айтып, Баш мыйзамда туура эмес эрежелер бар экенин айткан. Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасы: “Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын”,- деген комментарий калтырган. Учурда социалдык тармакта бул комментарий чуу жаратып жатат. СЕРЕП МЕДИА агенттиги бул боюнча президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек менен байланыштык. Анын айтымында, президенттин баракчасын бузуп киришип, дал ушундай комментарий калтырышкан. “Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Президент жок жерден, анын баракчасын бузуп кирип ушундай пикир калтыргандарга таң калып жатат. Садыр Жапаров эртеден бери бул ишке кабатыр болууда. Биз расмий түрдө билдирүү калтырабыз. Бирок бул пикир президенттики эмес”,- деди Галина Байтерек.  
edita