Космонавт Салижан Шарипов Ысык-Көлгө эс алуу үчүн учуп келди
Салижан Шарипов эс алуу үчүн Ысык-Көлгө учуп келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Биринчи жана азырынча жалгыз кыргыз космонавты Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортуна конгон.
«Мекендешибизди Кыргызстанда дайыма жылуу тосуп алууга даярбыз. Ысык-Көлдө жайкы эс алууну жакшы өткөрүүнү каалайбыз!" - деп айтылат маалыматта.