SerepTV Logo

Кош бойлуу айымдар коронавируска каршы вакцина алса болобу?

Кош бойлуу айымдар коронавируска каршы вакцина алса болобу?
Эксперттер тобокел тобуна кирген кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Бул тууралуу Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскеров бүгүн, 12-июлда брифинг учурунда билдирди. Тобокел тобуна кимдер кирет: - ашыкча салмак менен жабыркаган кош бойлуу аялдар; - диабет; - гипертония; - жүрөк оорусуна чалдыккандар; - жашы 35тен жогору адамдар. Кош бойлуу аялдар кайсы учурда коронавируска каршы вакцина албашы керек: - дары-дармекке жана вакцинага аллергиясы болсо; - COVID-19 менен ооруп жатса; - коронавирустан айыккан адамдын канынын плазмасы менен дарыланса; коронавируска каршы антителосу бар болсо; - тромбоз пайда болуу коркунучу болсо. «Ошондой эле эксперттер кош бойлуу болуунун алдында жана өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга (кош бойлуулуктун 20-22-жумасынан кийин) вакцина алууну сунушташат», - деди Аскеров.