Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Министрликтен бул тууралуу эмне дешти?
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин божомолуна ылайык, коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келет. Анткени антителолор бир жылга созулат. “Эске сала кетсек, былтыр май-июнь айларында өлкөдө биринчи толкун болгон. Демек, бул жылы да ушул айларда үчүнчү толкун болушу мүмкүн”, - деди Бейшеналиев.
Ошондой эле, бүгүн, 15-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда вирус жуктуруп алгандардын саны апрель айынан тарта көбөйүп баштаганын билдирди. Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.
"Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Пандемия башталгандан бери өткөн жылдын июль айында биринчи толкун, ноябрь айында экинчи толкун болгон. Бүгүнкү күндө тилекке каршы, үчүнчү толкун байкалып жатат. Июлда оору жуктургандардын эң көп саны 1600 кишиге, ноябрда 606 адамга жеткен. 2020-жылы сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустук инфекциянын мутацияланган жаңы штаммы (британ штаммы) катталганын билдирген. Ошол учурдан тартып дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун аталган штаммы каттала баштаган. 2021-жылы март-апрель айларында ДССУнун Новосибирск шаарындагы референс-лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардын 44 пайызында Улуу Британия штаммы аныкталып, Түштүк Африка жана Индия штаммы бирден чыкса, 39 пайызында Орусиянын штаммы аныкталган”, - деди министрдин орун басары.