SerepTV Logo

Коронавирустун жаңы кооптуу мутациясы аныкталды

Коронавирустун жаңы кооптуу мутациясы аныкталды
Кембриж университетинин окумуштуулары вакцинанын эффективдүүлүгүн 10 эсе төмөндөтүүчү коронавирустун кооптуу мутациясын аныкташты. Түштүк Африка жана Бразилияда коронавирустун жаңы кооптуу мутациясы 11 адамдан аныкталды, деп билдирди Би-Би-Си. Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок мутациянын учурлары Бристоль менен Ливерпулда табылгандыгын жана эми бул шаарлардын жабыркаган аймактары массалык тестирлөөдөн өтө тургандыгын бышыктады. Ошол эле учурда, Британияда 10 миллион адам вакцинанын биринчи дозасын алышкан жана окумуштуулар эмдөө программасы жаңы мутацияга каршы натыйжалуу болбосо дагы, ооруну жана өлүмдү азайтууга жардам берет деп ишенишет.
edita