Коронавирусту 320 адам жуктуруп алганы аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирусту 320 адам жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы саны 97 миң 278 кишини түздү.
Бир сутка ичинде жалпысынан 217 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 90 миң 611 адамга жетти.
Коронавирус илдетинен 3 киши каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1640 адам.