Коронавирусту 277 адам жуктуруп алганы аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирусту 277 адам жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы саны 96 миң 337 кишини түздү.
Бир сутка ичинде жалпысынан 202 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 89 миң 921 адамга жетти.
Коронавирус илдетинен 3 киши каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1622 адам.