SerepTV Logo

Коронавируска каршы эмдөө. Свердлов акимиаты мыкты видео роликке сынак жарыялайт

Коронавируска каршы эмдөө. Свердлов акимиаты мыкты видео роликке сынак жарыялайт
Свердлов акимиаты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө мыкты видео роликке онлайн сынак жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, сынактын катышуучулары акимиаттын Facebook баракчасына катталышы керек. Сынакка каалаган адам катыша алат. Видеолор WhatsApp: 0700600634 жеке билдирүүлөрүнө тиркеме катары кабыл алынып, Свердлов райондук администрациясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланат. Райондук онлайн сынак 12-июлда баштап 16-июль саат 15:00гө чейин уланат. Жеңүүчүлөр добуштарды (лайктарды) эсептөө менен аныкталып, эң көп жактыруунун негизинде тандалат.