SerepTV Logo

Коронавируска каршы эмдөө пункттары каякта ачылары айтылды

Коронавируска каршы эмдөө пункттары каякта ачылары айтылды
Өлкөнүн бардык аймактарында COVID-19га каршы эмдөөнү уюштуруу боюнча медкызматкерлерди окутуу башталды.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Вакцинациялоо алгач Бишкек, Ош шаары жана Чүй облусунан башталат:
  • Бишкекте Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 ҮМБ базасында 5 эмдөө пункту уюштурулат.
  • Чүй облусунда 2 пункт ачылат, алар Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда болот.
  • Ош шаарында дагы 2 пункт ачылат: №8 жана №10 ҮМБ базасында.
Иммундаштыруу процессине ыкчам мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында, калган эмдөө пункттары өлкөнүн бардык аймактарында жайгаштырылат. Вакцинация жүргүзүү үчүн өлкөдө эмдөө иштери менен алектенген, буга чейин даярдыктан өткөн бардык медицина кызматкерлери тартылат.
Unknown Author