Коронавируска каршы эмдөө. Бишкектеги убактылуу эмдөө жүргүзүлүүчү жайлардын тизмеси
Бишкекте коронавируска каршы вакцина ала турган убактылуу эмдөө пункттарынын тизмесин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору жарыялады.
Маалыматка караганда, эмдөө №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 18, 19 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, №33 жана 35 ҮДТ, темир жол ооруканасында, студенттик поликлиникаларда жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, эмдөө өнөктүгүнө жеке медициналык борборлор тартылган - "Бала", "Кроха", "Эдельвейс", "Үй-бүлө", "Элкрит", Асымбекова атындагы клиника. Ошондой эле эмдөө "Кенч", "Азия Молл", "Томми", "Космопарк", "Вефа", "Бишкек Парк", "Детский Мир", "Чынар" соода борборлорунда, ошондой эле Ош, Аламүдүн жана Орто-Сай базарлары, Дордой соода-көңүл ачуу комплексинде жүрүп жатат.
Кечээ, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза вакцина алып келинген.