SerepTV Logo

Коронавируска каршы эмдөө Бишкек, Ош шаары жана Чүй облусунан башталат

Коронавируска каршы эмдөө Бишкек, Ош шаары жана Чүй облусунан башталат
COVID-19га каршы эмөө Бишкек, Ош шаары жана Чүй облусунун эки районунан башталат. Биринчилерден болуп дарыгерлер менен мугалимдер эмделет. Бул тууралуу Республикалык иммунапрофилактика борборунун жетекчиси Гүлнара Ишенапысова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт калктын 70 пайызын камтуу максатын койду. Учурда эл аралык уюмдар вакцинаны сатып алууну каржылоосун күтүүдө. Ошондой эле Кыргызстанга COVAX механизминин негизинде Орусиядан вакцина келет. «Дүйнө жүзүндө калктын 65 пайызын эмдөө чечими кабыл алынды. Былтыр Кыргызстан кирешеси төмөн өлкө катары COVAX программасына кирген. Биз табыштама жөнөтүп, улуттук эмдөө планын иштеп чыктык», - деп билдирди Ишенапысова.
Unknown Author