Коронавируска каршы эмделгенден кийин 3 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу шарт
COVID-19га каршы эмделгенден кийин жарандар 3 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
"19-мартта Кытайдан "SinoPfarm" вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Ал вакциналар менен өз ыктыяры аркылуу макулдугун берген жарандар гана эмделет. Алгач жарандар вакцинанын 1-дозасын алат. Андан кийин 2-дозаны качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина аларын, анын таасири жөнүндө маалымат камтылган. Маалымдоо формасына кол койгондон кийин сурамжылоо баракчасы толтурулат. Анан эмдөө бөлмөсүнө кирет. Эмделген адамга карточка берилет. Карточкада вакцина алган адам тууралуу маалымат жазылат. Аягында байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт отуруп турат. Ошондой эле 3 күн катары менен жарандын абалы суралып турат", - деп айтты Гүлбара Ишенапысова.