Коронавирус пандемиясы башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын өлүмү 19 пайызга көбөйдү
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган жарандардын өлүмү 19 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам каза болгондордун саны көп жана коронавирустук инфекция башталгандан бери алардын деңгээли акыркы үч жылга салыштырмалуу 19 пайызга көбөйгөн.