Коронавирус. Ошто 1-июлга чейин бардык массалык иш-чаралар токтотулду
Ошто 1-июлга чейин бардык массалык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындан тышкары, бир нече чектөөлөр киргизилген.
Коомдук транспорттор боюнча төмөнкү эрежелер киргизилди:
- коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;
- санитайзерлер коюлушу шарт;
- аралык сакталышы керек;
- маршруттук каттамдардын айдоочуларында патент сөзсүз болушу керек.