Аалиев: "Өткөн жылы 20-40 жаштагылар ооруканага чанда жаткырылчу, быйыл көп болуп жатат"
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус жана пневмония менен ооругандар толуп калды. Бул тууралуу башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жаштар жана балдар арасында оорулуу адамдардын саны көбөйүп жатат. "Өткөн жылы 20-40 жаштагыларды ооруканага жаткыруу сейрек көрүнүш болгон, быйыл көп болду", - деди ал.
Баарынан да ооруканага балдардын оор жана орто оор абалда келип жатканы кейитет.
Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери орто жана оор абалдагы бейтаптардын санынын көбөйүшүнүн эки негизги себебин атады. «Биринчиден, көпчүлүгү дарыгерлерге кеч кайрылышат. Экинчиден, балким, бул коронавирустун ар кандай штаммдарынын циркуляциясына байланыштуу болушу мүмкүн, мында оору тез өнүгүп жатат”, - деди Гүлжигит Аалиев.