SerepTV Logo

Коронавирус: Бишкекте ооруканаларда бош орун калбай бара жатат

Коронавирус: Бишкекте ооруканаларда бош орун калбай бара жатат
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 27-июнга карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди. Шаардагы стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 керебет гана бош турат. Үч ооруканада бош орун жок. Бош орундардын саны:
  • Улуттук хирургия борборунда бош орундар жок.
  • Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 2 орун;
  • №2 клиникалык төрөт үйүндө 8 орун;
  •  №1 шаардык клиникалык ооруканасында 11 орун;
  •  №6 шаардык клиникалык ооруканасында бош орундар жок.
  • Улуттук кардиология жана терапия борборунда 6 орун;
  • Улуттук госпиталда 2 орун;
  • Улуттук гопитал ИОВ 12 орун;
  • Улуттук онкология жана гемотология борборунда 7 орун;
  •  Республикалык наркология борборунда 10 орун;
  • Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок.
Unknown Author