Ооруканаларда коронавирус жуктурган 364 бейтап дарыланып жатат
Бүгүн, 28-февралга карата өлкө аймагындагы стационарларда 364 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат.
Алардын ичинен:
- 2 адам канааттандырарлык абалда;
- 254 адам орто оор абалда;
- 92 адам оор абалда;
- 16 адам өтө оор абалда.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 283 адам өз үйүндө дарыланууда.