SerepTV Logo

Коронавирус. Кайсы учурда бейтап ооруканага жаткырылат?

Коронавирус. Кайсы учурда бейтап ооруканага жаткырылат?

Бишкек шаарынын Тез жардам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов өзүнүн Твиттердеги баракчасына кайсы учурларда COVID-19 жана пневмония менен ооругандар ооруканага жаткырыла тургандыгын билдирди. Анын айтымында, оор абалдагы (сатурациясы 90 пайыздан төмөн) жана орточо оор абалдагы (90 пайыздан жогору) тобокелдик абалындагылар (60 жаштан жогору, өнөкөт оорулар) болгондо жаткырылат. Оорусу жеңил бейтаптар үйдөн дарыланат.

Ошол эле учурда, ПЦР-анализдин жоктугу ооруканага жатуудан баш тартууга себеп боло албайт. 

"Алар клиникалык көрүнүштөрдүн болушуна жараша ооруканага жаткырылат», - деди орун басар.