Коронавирус жуктуруп албайын десеңиз... Дарыгердин сунушу
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавирустун алдын алуу чаралары жөнүндө айтып берди.
Сунуштар:
- базарларга, соода борборлоруна жана башка коомдук жайларга, эл көп чогулган жерлерге барууну чектөө;
- сатып алууларды жүргүзүү үчүн дүкөнгө бүт үй-бүлөңүз менен, айрыкча балдарыңыз менен барбаңыз, бир адамды жөнөтүңүз;
- 60 жаштан жогорку иммунитети төмөн жана коштоочу оорулары бар адамдарга коомдук жайларга баруудан баш тартуу сунушталат;
- улгайган туугандарга, досторуңузга жана кошуналарыңызга керектүү буюмдарды, дары-дармектерди жана башка сатып алууда жардам берүү;
- дүкөндөрдүн, супермаркеттердин администрациясы эшик туткаларын, лифт баскычтарын, азык-түлүк арабаларынын туткаларын, себеттерди жана башка буюмдарды дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камсыз кылышы керек;
- дүкөндөрдөгү, банктардагы, мамлекеттик мекемелердеги кезектерде бири-биринен кеминде 1 метр аралыкты сактаңыз;
- конокторду чакыруу менен үй-бүлөлүк иш-чараларды токтотуп, өзүңүз да баруудан алыс болуңуз;
- кол алышуудан, кучакташуудан жана өбүшүүдөн алыс болуңуз;
- кеминде 20 секунд бою колуңузду самын менен жууп туруңуз, суу жана самын жок болсо, курамында спирт бар антисептиктерди колдонуңуз;
- жеке гигиена эрежелеринин сакталышын катуу көзөмөлгө алыңыз, балдарыңыздын жеке гигиенасын көзөмөлдөңүз;
- коомдук транспортто жүрүүнү чектеңиз, жеке транспортто жүрүңүз же сейилдеңиз;
- бөлмөнү күнүнө кеминде 10 секунддан жок дегенде 10 жолу желдетип туруңуз;
- үйдө жана жумуш ордунда нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүңүз;
- эгерде дене табы 37 градустан жогору көтөрүлсө, жөтөл пайда болуп, дем алуусу кыйындаса, үйдө доктурга кайрылыңыз же call-борборуна 118 кайрылыңыз;
- сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүңүз.