Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда бейтаптар үчүн 409 орун бар
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бүгүн, 2-июлга карата Бишкектеги ооруканалардагы 409 бош орун бар экендиги тууралуу маалымат беришти.
Бош орундардын саны:
- Улуттук хирургия борборунда бош орун жок;
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 10 орун;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө 35 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасында бош орун жок;
- №6 шаардык клиникалык ооруканасында бош орун жок;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда 3 орун;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында 17 орун;
- Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө бош орун жок;
- Улуттук гопитал ИОВ 10 орун;
- Улуттук онкология жана гемотология борборунда бош орун жок;
- Улуттук госпитал: Мобилдик госпиталда 17 орун;
- Республикалык наркология борборунда 5 орун;
- Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;
- Аскердик госпиталда бош орун жок;
- Кыргыз илим изилдөө борбору 84 орун;
- Улуттук госпитал: Терапияда 30 орун;
- Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинде 198 орун;
- Республикалык дерматовеннерология борборунда бош орун жок.