Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда бейтаптар үчүн 235 орун бар
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бүгүн, 13-июлга карата Бишкектеги ооруканалардагы 235 бош орун бар экендиги тууралуу маалымат беришти.
Бош орундардын саны:
- Улуттук хирургия борборунда 1 орун;
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 2 орун;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө 12 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасында 3 орун бар;
- №6 шаардык клиникалык ооруканасында бош орун жок;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда 5 орун;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында бош орун жок;
- Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө 6 орун;
- Улуттук гопитал ИОВ 10 орун;
- Улуттук онкология жана гемотология борборунда 6 орун;
- Улуттук госпитал: Мобилдик госпиталда 2 орун;
- Республикалык наркология борборунда 11 орун;
- Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;
- Аскердик госпиталда 4 орун;
- Кыргыз илим изилдөө борбору 56 орун;
- Улуттук госпитал: Нейрокорпуста 15 орун;
- Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинде 89 орун;
- Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда 13 орун;
- Фтизиатрия борборунда (КГМА №6 жатакана) бош орун жок.