Коронавирус: Бишкекте абал курчуганына байланыштуу кошумча стационар ачылды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 28-июнга карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 124 бош орун бар. Аскердик госпиалда кошумча стационар ачылды.
Бош орундардын саны:
- Улуттук хирургия борборунда бош орундар жок;
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 1 орун;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө 6 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасында 19 орун;
- №6 шаардык клиникалык ооруканасында 1 орун;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда 7 орун;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында бош орун жок;
- Улуттук госпитал: Урологияда бош орун жок;
- Улуттук гопитал ИОВ 10 орун;
- Улуттук онкология жана гемотология борборунда 7 орун;
- Улуттук госпитал: Мобилдик госпиталда бош орун жок;
- Республикалык наркология борборунда 7 орун;
- Улуттук фтизиатрия борборунда 1 орун;
- Аскердик госпиталда 65 орун.