SerepTV Logo

Коронавирус. Бишкекте 29-апрель, 9-Майга карата иш-чаралар өтпөйт

Коронавирус. Бишкекте 29-апрель, 9-Майга карата иш-чаралар өтпөйт
Бишкекте 29-апрель Бишкек шаарынын күнү жана 9-Май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чаралар өтпөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын чукул отуруму болуп өттү. 29-апрель шаар күнү менен 9-Май Жеңиш күнүн өткөрүү маселелери каралды. Шаардык эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул күндөрү массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.