SerepTV Logo

Коронавирус. Бишкек шаарында дагы 190 орун даярдалды

Коронавирус. Бишкек шаарында дагы 190 орун даярдалды
Бишкекте дагы 190 орун дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жаңы орундар Жугуштуу оорулар ооруканасынын жана КММАнын жатаканасынын базасында түзүлдү. «Анын ичинде 20 реанимациялык орун бар. Корукта дагы 200 орун даяр», - деп белгиледи ал. Анын айтымында, борбор калаада COVID-19 жуктарган бейтаптар үчүн 2153 орун бар.