SerepTV Logo

Коронавирус. Бишкек мэриясы Айт намазын өткөрбөөнү сунуштады

Коронавирус. Бишкек мэриясы Айт намазын өткөрбөөнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намазын өткөрбөөнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифингде билдирди.

Ошондой эле мэрия жамааттарга жума намазын окууга тыюу салууну сунуштады.

«Эгерде үй-бүлөдө оорулуу адам бар болсо, анда үй-бүлө мүчөлөрү 14 күн бою үй карантинде болуш керек. Бирок бүгүнкү күндө бул талаптар аткарылбай жатат», - деди ал.