"Коркунучтуу мутациялардын жыйындысына ээ": Коронавирустун жаңы штаммы аныкталды
Коронавирустун дагы бир жаңы түрү 10 мамлекетте табылды деп билдирет The Guardian. Жаңы штаммды Эдинбург университетинин (Улуу Британия) изилдөөчүлөрү аныктап, “B1525” деп аташты.
Бул оорунун Британияда 32 учуру, Данияда 35 учуру, Нигерияда 12 учур АКШда 7 жана Францияда 5 учуру катталса, Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испанияда бештен аз учур катталган.
Окумуштуулардын айтымында, бул жаңы штамм коркунучтуу мутациялардын жыйындысына ээ. Тактап айтканда, аларды чукул протеининдеги E484K мутациясы тынчсыздандырат. Адистердин айтымында, бул вирусту антителолорго туруктуу кылат.
2020-жылдын декабрь айынын ортосунда Улуу Британиянын бийлиги демейдегиден 70 пайызга тезирээк жайылып жаткан COVID-19дун жаңы мутациясын тапкандыгын жарыялаган эле. Премьер-министр Борис Жонсон штамм 30 пайызга көбүрөк өлүмгө алып келерин айткан. Дүйнө бул түрдү "британдык" штамм деп атап жүрөт.