Коргоо министрлиги: "Кыргыз аскер кызматкерлери Алматыда ТЭЦти кайтарууда"
"Кыргыз аскер кызматкерлери Алматы шаарында 2-ТЭЦти кайтарууда". Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Казакстанга барган Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти миссиясын аткарууда. Алар шаардын маанилүү стратегиялык объектиси болгон 2-ТЭЦти кайтарууда.
Кыргыз аскерлери 7-январда Казакстанга жөнөп кетишкен. Алардын курамы 150 аскер кызматкеринен турат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="93370,93369,93368"]