Коопсуздук кеңештин жаңы курамы бекитилди. Тизме
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары - Таалатбек Масадыков;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы - Марат Иманкулов;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин төрагасы - Талант Мамытов;
- Министрлер кабинетинин төрагасы - Улукбек Марипов;
- Президенттин администрация башчысы - Сүйүнбек Касмамбетов;
- мамлекеттик катчы - Чолпонбек Абыкеев;
- башкы прокурор - Курманкул Зулушев;
- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси - Таалайбек Өмүралиев;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси - Руслан Казакбаев;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси - Бообек Ажикеев;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси - Улан Ниязбеков;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси - Камчыбек Ташиев.