SerepTV Logo

“Коопсуз шаардын” камералары ишке киргенден бери 2,3 миллион жол эрежесин бузуу фактыларын каттаган

“Коопсуз шаардын” камералары ишке киргенден бери 2,3 миллион жол эрежесин бузуу фактыларын каттаган
2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-март уакыт аралыгында “Коопсуз шаардын” камералары аркылуу 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, “Коопсуз шаардын” камералары төмөнкү жол эрежелер бузган унааларды тарткан: 1 млн 405 миң 338 жолу жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн; 282 миң 451 жолу жол белгилеринин талаптарын бузгандыгы үчүн; 252 миң 661 жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү жол сызыктарынын талаптарын бузгандыгы үчүн; 176 миңден ашуун стоп-линиясын кесип өткөндүгү; 33 миң 701 жолу жол чырагынын тыюу салган жарыгына айдоо же жөнгө салуучунун талаптарын аткарбоо; 66 миң 643 жолу озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине чыгуу; 18 миң 323 жолу маневр жасоо эрежелерин бузуу; 3 миң 815 жолу токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; 44 жолу жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүү, тротуар менен айдоо. Ошондой эле мониторинг борборунун комиссиясын кароосунда жол кыймылынын эрежелерин бузуучулар тарабынан 7 миң 843 кайрылуу келип түшкөн. Аны менен катар мониторинг борборунун комиссиясы тарабынан 118 жолу отуруму өткөрүлүп, отурумда 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурлар каралган. Анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлар боюнча 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. Ал эми 5 миң 734 бузуу өндүрүштө токтотулган, жокко чыгарылган. Пандемия учурунда жарандарыбызга медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда 670 бузуулар токтотулуп жокко чыгарылды.
Unknown Author