SerepTV Logo

"Коопсуз шаар" долбоорунан канча айып пул чогулду?

"Коопсуз шаар" долбоорунан канча айып пул чогулду?
Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген 2019-жылдын 4-октябрынан ушул жылдын 19-майына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулду. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов бүгүн, 31-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты. "19-майга карата 1 миллиард 728 миллион 921 миң сом бюджетке түштү. Убагында төлөнбөгөн айып пул жана туум эсептелип сотко өткөрүлө турган 130 миң токтомдун 70 миңи сот аткаруучуларга жиберилди. Анын ичинен 17 миңине байланыштуу айып өндүрүлдү", - деди Саркулов.
Unknown Author