SerepTV Logo

Коомдук транспортто рейд жүрүп, 10 адамга айып салынды

Коомдук транспортто рейд жүрүп, 10 адамга айып салынды
Коомдук транспортто жүргүзүлгөн рейд уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, 10 жүргүнчүгө айып салынды. Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, “Бишкек шаардык транспорт” МИнин кызматкерлери, Бишкек ШИИБнын жана “Тулпар” бирдиктүү картасынын адистери катышты. Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 10 жүргүнчүгө 1000 сомдон (миң сом) айып салынды. Айып пул, айып салынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектиги белгиленет. Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.
edita