SerepTV Logo

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңеште кийинки жумада каралат

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңеште кийинки жумада каралат
Кийинки жумада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирди. "Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн", - деди ал. Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору жайгаштырылды. Былтыркы жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.
edita