SerepTV Logo

Композиторлор союзунун мүчөсү Жумашбай Касымбеков көз жумду

Композиторлор союзунун мүчөсү Жумашбай Касымбеков көз жумду
СССРдин жана Кыргызстандын композиторлор союзунун мүчөсү Жумашбай Касымбеков каза болду. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 18-мартта оорудан улам көз жумган. Жумашбай Касымбеков 70 жашта болчу. Ал 1951-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылында туулган. Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайын хор дирижеру адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана жетишкендиктери үчүн «Абдраев атындагы сыйлыктын лауреаты» ордени менен сыйланган.
edita