"Көлдө самын менен жуунуп, жышынгыч менен жышынып..." Милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
"Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде Пакистандын эки жараны самын жана жышынгыч менен жуунган видеосу тарады. Бул видео коомчулукта бир топ кызуу талкууларды жаратты. Буга байланыштуу Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана аларга жуунуга болборун айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары аларга санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы, сууда сүзүүдө коопсуздук чараларын эске салынды.
