SerepTV Logo

Көл жээгинен табылган жаралуу ак куу “Бугу-Эне” зоопаркына берилди

Көл жээгинен табылган жаралуу ак куу “Бугу-Эне” зоопаркына берилди

Жети-Өгүз районуна караштуу Пристань айыл аймагынын көл жээгинен табылган жалгыз ак куу Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" зоопаркына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

"Жети-Өгүз районунун имамы Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясына кайрылып, учууга мүмкүнчүлүгү болбогон куш табылганын билдирген. Ак кууга кам көрүү үчүн Каракол шаарындагы “Бугу-Эне” зоопаркына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө. "Бугу-Эне" зоопаркында канаттуунун жайлуу болушу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="270064,270062"]